Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
RU

Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-августта Жаныбек Абировду Ленин шайлоо округу боюнча кайра шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты. Боршайкомдун жетекчиси Нуржан Шайлдабекова мурдагы депутат БШКнын чечимине каршы сотко кайрыла аларын айткан.

Жаныбек Абиров Kaktus.media сайтына БШКнын өкүлдөрү кабыл алган чечимди сыйлай турганын, даттануу арызы менен сотко кайрылбасын билдирди.

Абиров саясаттагы ишмердүүлүгүн улантабы, жокпу белгисиз, муну убакыт көрсөтөрүн айтат.

Эске салсак, 11-мартта Абиров жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров да реакция жасаган.

27-мартта Абиров депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазып, БШК канааттандырган.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
БШК Жаныбек Абировдун депутаттык мандатын алды
27 Март 2023, 19:19
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13796