"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
RU

"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттык мандатын тапшырган Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин трибунасында сөз сүйлөдү. Ал бул трибунада 1 жыл 3 ай мурун ант бергенин эске алды.

"Албетте, коомдук иштер, калкка жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кайрылуу жасоону пландаган элем.

Тилекке каршы, бүгүнкү кайрылуум өз каалоом менен жазган арызымдын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарымдын токтотулгандыгына байланыштуу болот.

Урматтуу депутаттар, сиздер менен бир жылдан көбүрөөк убакыт ичинде чогуу иштештим, бул аралыкта бир топ мыйзам долбоорлорунун үстүндө иш алып бардык.

Депутаттык ишмердүүлүгүм учурунда элдин түйшүгүн жеңилдете турган бир нече мыйзам долбоорлорун сиздер менен чогуу демилгеледик, айрымдары кабыл алынып, күчүнө кирген болсо, айрымдары азыркы учурда талкууланып жаткан кези.

Шайлоочуларым менен тыгыз байланышта болуп, алардын суранычтарын аткаруу максатында, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен бир катар долбоорлордун үстүндө чогуу иш алып бардык. Элдин суранычын ишке ашырууга колдоо көрсөтүп, жардам бергендиги үчүн Министрлер кабинетине, Бишкек шаарынын мэриясына терең ыраазычылык билдирем.

Мен 2017-жылдан бери саясатта жүрдүм. Жогорку Кеңешке борборубуздун Ленин районунан шайланып келгенге чейин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы кызматын аркаладым. Бул мезгилде мага көп нерсеге жол көрсөткөн, тажрыйбасы менен бөлүшкөн, кеңешин аябаган Бишкек шаардык кеңешине жана аппараттын кесипкөй кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Бул тажрыйба мен үчүн өлкө парламентине шайланууга түрткү болду.

Кудайдын буйругу менен Жогорку Кеңешке келип, бул жерден мыкты досторду, санаалаштарды таптым. Алар менен ага-ини, эже-карындаш катары мыкты мамиледе болдук жана мындан ары да мамилебиз үзүлбөйт деп ишенем.

Ар бир адам адашат экен, алардын арасында мен да болдум. Менин катышуумдагы акыркы окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Мен окуяны терең талдап, жоопкерчиликти сезип, Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбей өз каалоом менен мандатымды тапшырууну туура көрдүм", - деди ал.

Эске салсак, 11-мартта Абиров жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.

27-мартта Абиров депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазып, БШК канааттандырган.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
БШК Жаныбек Абировдун депутаттык мандатын алды
27 Март 2023, 19:19
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11369