Марлен Маматалиев кесиптеши аралашкан мушташ боюнча комментарий берди
RU

Марлен Маматалиев кесиптеши аралашкан мушташ боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Марлен Маматалиев Жаныбек Абиров менен мушташка катышкан деген кептерге комментарий берди. Ал "Вечер трудного дня" программасынын эфиринде мушташка катышпаганын билдирген.

"Мен ал жерде болгон эмесмин, расмий түрдө билдиргим келет. Ал жердеги жигиттердин бири мага окшош экен.Ал күнү мен бул мекемеде болгон эмесмин.

Бул иш депутат болгонуна байланыштуу коомчулукта чоң резонанс жараткан. Бирок менин оюмча, ким болбосун – депутатпы, мамлекеттик кызматкерби, жөнөкөй жаранбы, президентпи – баары мыйзамга баш ийиши керек. Болгон окуялар айыпталат, мен да айыптайм.

Ресторандын ичинде эмне болгонун билбейм. Мен аны [Абировду] жакшы билем, токтоо адам, дароо мушташа бербейт. Мен аны менен байланышууга үлгүрбөй калдым, бирок мындай нерселерге жол бербешибиз керек деп ойлойм. Депутаттар баарына үлгү болушу керек. Биз мыйзамдарды өзүбүз жазабыз жана бул мыйзамдардын башында болушубуз керек", - деди Маматалиев.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10897