Эл өкүлү Фархад Алимжанов Жаныбек Абировдун кылыгы үчүн кечирим сурады
RU

Эл өкүлү Фархад Алимжанов Жаныбек Абировдун кылыгы үчүн кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Алимжанов кесиптеши Жаныбек Абировду колдоп, Facebook баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

"Мен унчукпай карап тура албайм. Окуяны актай албайм, бирок бул окуя үчүн балдардын апасынан, жакындарынан, жалпы кыргыз элинен кечирим сурайм. Азыр эң негизгиси жабырлануучунун апасы жана биздин коомчулуктун кечириши маанилүү.

Мен досумду колдогонум үчүн, коомчулук мени жаман көрөт, билем. Ар кимдин буга толук укугу бар. Бирок кең пейил элибиз бардык жамандыктан өйдө, адамгерчилигин көрсөтөт деп ишенем.

Биздин досубуз Жаныбек - өлкөбүздү өнүктүрүү боюнча чоң пландары бар инсан. Мен анын дымактуу командасы менен ишке ашыра турган чыгармачылык жана инновациялык пландарын билем. Биз жаш келечектүү саясатчынын бир катасы үчүн жөн эле сынышына жол бербешибиз керек. Абировдун дагы көптөгөн артыкчылыктары бар, муну баарыбыз билебиз!

Ыйык Рамазан айынын алдында баарыбыз бири-бирибизди кечирсек туура болот деп ойлойм. Биз баарыбыз адамбыз жана баарыбыз ката кетиребиз.

Бул сыноонун аягы жакшылык менен бүтүшүн тилейм. Эл уулун кечирет деп ишенем!", -

деп жазган Алимжанов.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10903