Окуучулар кабылган жол кырсыгы боюнча иш козголуп, тергөө башталды
RU

Окуучулар кабылган жол кырсыгы боюнча иш козголуп, тергөө башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек - "Манас" аэропортунун трассасында жол кырсыгына кабылган окуучулардан Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жеткчилиги кабар алды. Бул туурасында башкармалыктан билдиришет.

Белгилесек, 20-апрелде "Манас" аэропортунун жолунда ПАЗ 4234 автобусу менен Mercedes-Benz Sprinter сүзүшкөн. Анын кесепетинен автобустун жүргүнчүлөрү - Сокулук районунун Ат-Башы айылынын 1-4 клаасынын окуучулары ар кандай жаракаттарды алышып, Бишкектеги шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Жалпы 27 бала ооруканага кайрылган.

Бүгүн, 24-апрелге карата 16 бейтап ооруканадан чыкты. Ал эми бир окуучу менен кичи автобустун айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жол кырсыгы боюнча 21-апрелде 312-берене (автомототранспорт каражаттарын пайдаланууда жол коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштеринин алкагында жабырлануучулар, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү сурак беришип, айдоочулардын күбөлүгүнүн мыйзамдуулугу, транспорт каражаттарынын техникалык абала жана тиешелүү документтери текшерилүүдө.

Окуянын объективдүү жана толук кандуу тергелиши үчүн кесипкөй кызматкерлерден турган тергөө комиссиясы түзүлдү. Тергөө иштери ИИМдин жана Чүй ОИИББдин жеке көзөмөлүнө алынды.

Эске салсак, 20-апрелде окуучуларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 18 бала ооруканага жаткырылган. Анын ичинен 4 баланын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Кийинчерээк шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Kaktus.kg сайтына жалпы 27 бала кайрылганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11793