Кырсыкка кабылып, комада жаткан окуучу эсине келди. Ага операция жасалды
RU

Кырсыкка кабылып, комада жаткан окуучу эсине келди. Ага операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортунун трассасында жол кырсыгына кабылып, комага түшкөн окуучу эсине келди. Бул тууралуу Kaktus.kg сайтына №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирип, бейтаптын акыбалы боюнча айтып берди.

Айтымында, баланын саламаттыгында жакшы жылыш бар.

"Окуучу эсине келип, 3 күн мурда жаагына операция жасалды. Кудайга шүгүр, азыр суроолорго жооп берип жатат. Нейрохирургия бөлүмүндө. Алдыда дагы сан сөөгүнө операция жасалат. Акыбалына карайбыз, биздин план боюнча кийинки аптада болот. Калган балдардын баары чыгарылган", - деди башкы дарыгер.

Эске салсак, 20-апрелде окуучуларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 18 бала ооруканага жаткырылган. Анын ичинен 4 баланын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Кийинчерээк шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Kaktus.kg сайтына жалпы 27 бала кайрылганын билдирген.

Чүй ОИИББден жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын кабарлаган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12079