Дмитриевкадагы атышуу боюнча кабарлардын ток этери бир шилтемеде
RU

Дмитриевкадагы атышуу боюнча кабарлардын ток этери бир шилтемеде

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Дмитриевка айылында бүгүн, 17-майда террористти кармоо операциясы жүргүзүлдү. Террористти кармоо операциясын ИИМ менен УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери жүргүзүшүп, 2 укук коргоочу жаракат алды.

Окуя тууралуу айыл тургундарынын комментарийи

Айтымдарында, атайын операция таң эрте, саат 06:30дар чамасында башталган. Атышуулар угулуп, таңкы саат жетиден кийин бронетехникалар жана башка атайын машиналар келишти.

"Алгач милиция кызмактерлери келгенин уктук. Андан кийин гана спецназдар келишти", - дешти жергиликтүү тургундар.

Алар кошумчалашкандай, террорчу делген адам үйдү ижарага алган.

Куралдуу каршылыктан улам 2 укук коргоо кызматкери жаракат алды

Kaktus.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен бир кызматкер амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнүн билдиришти. Ал эми экинчиси санынан жаракат алып, Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген. Кийинчерээк ага операция жасалары белгилүү болду.

Террорчу делинген жаран жашаган турак үйдөн өрт чыккан

ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо учурунда куралдуу каршылык болуп, анын кесепетинен турак үй өрттөнгөн. Жерине саат 08:21де эки күжүрмөн эсеп тартылган. Абал кооптуу болгондуктан күч структураларынын атайын операциясы аягына чыккандан кийин, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 12:28де толук өчүрүшкөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен үйдүн 303 чарчы метр аянты толугу менен күйдү.

Өрт чыккан турак үйдө башка туристтер да болгон

Турак үйдө жалпысынан 19 турист болгон. Алар Россиядан, Белорустан жана Франциядан келишкен. Алардын бири Анатолий Ломакин Kaktus.media сайтына Дмитриевка айылындагы үйдүн жарымын ижарага алышканын билдирди. Бул үй чет өлкөдөн өз алдынча саякаттаганга келген туристтерге ижарага берилген.

Ал белгилегендей, эртең менен саат 05:30дар чамасында белгисиз бирөө үйдүн эшигин катуу каккан, бирок эч ким ачкан эмес. Ошол эле маалда аркы жактан милиция кызматкерлери кирип, коопсуздук үчүн тезинен үйдөн чыгып кетүүнү талап кылышкан. "Баарыбыз уктап жаткандыктан үйдөн чуркап чыгып, эч кандай документ, кийим-кечебизди алган жокпуз. Биздин оюбузча, ал киши бизди барымтага алууга аракет кылган", - деди.

Турист кошумчалагандай, бардык буюмдары жана документтери күйүп кеткен.

Ички иштер министрлигинин расмий билдирүүсү

ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Бирок ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери да жүргөн дешти.

Айылдагы медресе курчоого алынды деген билдирүү тастыкталган жок

Ок атышуудан улам айылдагы медресе курчоого алынды деген билдирүүлөр тараган. Муфтияттан бул маалыматты четке кагып, чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

"Окуя Дмитриевка айылындагы "Зулкарнайн" кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган. Ал эми медресенин окуучулары коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда", - дешти Муфтияттан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12308