Алымкадыр Бейшеналиев иштен кетирген кызматкерлердин даттануусу боюнча ишке чекит коюлду
RU

Алымкадыр Бейшеналиев иштен кетирген кызматкерлердин даттануусу боюнча ишке чекит коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Сот Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан иштен алынган кызматкерлердин ишине чекит койду.

Бүгүн, 17-майда Жогорку Сот Саламаттыкты сактоо министрлигинин апелляциялык арызын карап, кызматкерлерди жумуштан бошотууну мыйзамсыз деп тапкан мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Ошондой эле бул чечимге ылайык, министрлик үч кызматкерге компенсация төлөп бериши керек.

*****

Эске салсак, 2022-жылдын 16-майында Айнура Акматова, Гүлмира Ибраева жана Азамат Жумакеев саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев менен биргеликте президент Садыр Жапаровго кайрылып, Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну суранышкан.

Андан соң саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары алмашып, юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова, иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраеваны министр иштен бошоткон. Кызматтан алынгандар сотко кайрылышкан.

Биринчи Май райондук соту доо арызды канааттандыруу - жумуштан бошотууну мыйзамсыз деп таануу жана кызматкерлерди мажбурлап иштен кеткен учур үчүн эмгек акысын өндүрүү менен мурунку ээлеген кызматтарына калыбына келтирүү чечимин чыгарган. Мындай чечимге Саламаттыкты сактоо министрлигинин юристтери даттанышкан. Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12311