Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан алган жетекчилердин арызын сот канааттандырды
RU

Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан алган жетекчилердин арызын сот канааттандырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымкадыр Бейшеналиевге каршы маалымат жыйындан кийин жумуштан бошотулган Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин кайра жумушка алуу чечими чыкты. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Биринчи Май райондук соту доо арызды канааттандырып, жумуштан бошотууну мыйзамсыз деп таануу жана кызматкерлерди мажбурлап иштен кеткен учур үчүн эмгек акысын өндүрүү менен мурунку ээлеген кызмат ордун калыбына келтирүү чечимин чыгарды.

Буга чейин 16-майда Айнура Акматова, Гүлмира Ибраева жана Азамат Жумакеев саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев менен биргеликте президент Садыр Жапаровго кайрылып, Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну суранышкан.

Андан соң саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары алмашып, юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова, иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраеваны министр иштен бошоткон. Кызматтан алынгандар сотко кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7966