"Курманбек Бакиевдин коргоонууга укугу бар". Эдил Байсалов депутаттарга жооп берди
RU

"Курманбек Бакиевдин коргоонууга укугу бар". Эдил Байсалов депутаттарга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 18-майда Жогорку Кенештин депутаты Эльвира Сурабалдиева менен Эрулан Кокулов мамлекет башчынын администрациясынан качкын президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо маселеси боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Эльвира Сурабалдиева экс-өлкө башчынын интервьюсунан кийин ага көп чалуулар болуп жатканын айткан.

Бүгүн, 19-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter баракчасы аркылуу депутаттарга жооп кайтарды. Ал суроонун түзүлүшүн толук түшүнбөгөнүн, маселеге президенттин администрациясынын тиешеси жок экенин жазган.

"Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар. Журналист кимди керек деп эсептесе, ошондон интервью алууга укуктуу, айрыкча көрүүлөрдү байкасак, маселеге кызыгуу жогору, тема суроо-талапка ээ. Жаран Курманбек Бакиев кылмыш жообунда болсун же коомдук пикирдин айыбында болобу, ошондой эле республиканы башкарган учурдагы ишине тарыхый баа берүүдөбү, айтор, өз кызыкчылыгын коргоого укуктуу", - деп белгиледи Байсалов.

Анын айтымында, азыркы жетекчиликтин позициясы – элибизди консолидациялоо жана улуттук ынтымакты сактоо.

"Бардык экс-президенттер кандай болбосун, биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү. Жогорку Кеңештин депутаттары ыр-чатакты күчөтүүнүн жолдорун издебестен, бул саясатты колдошсо болмок", - деп жазган Эдил Байсалов.

Эске салсак, Элдик Курултайдын төрагасы Кадырбек Кошалиев Курманбек Бакиев менен маектешип, сюжет YouTube каналына 16-майда жарыяланган.

Буга байланыштуу эл өкүлдөрү бийлик өз позициясын даана, так билгизсин деген талапты коюшкан.

Ошол эле күнү УТРК Бакиев менен маектешкен Кадыр Кошалиевге карата кызматтык иликтөө баштаганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12351