Депутат: Курманбек Бакиевди реабилитациялоо процесси башталдыбы?
RU

Депутат: Курманбек Бакиевди реабилитациялоо процесси башталдыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар мурдагы президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо процесси башталып-башталбаганына кызыгышты.

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында Эльвира Сурабалдиева "тазамын, эч кандай күнөөм жок, башкалар күнөөлүү" деп дээрлик олуя экенин айтып интервью берген качкын Бакиев Кыргызстанга келиш үчүн аракет көрүп жатканын айтты. Ал мурунку, качкын президент өзү келип, жоопкерчилик тартыш керек дейт.

"Балким келсе элден кечирим сурап, жоопкерчиликти мойнуна алмак, жарандар башкача ойдо болмок. Бирок өзүн актап, башкаларды күнөөлөп, акты кара, караны ак деп жатат. Ал аянтка учурунда баңгизат колдонгондор чыккан деп жатат. Эл бизге чалып, бул эмне деп сурап жатышат. Бул жерде 30 жылга соттолсо, 13 жылдан бери үй-бүлөсү менен кандай факты боюнча жашап келгенин ким иликтейт деп да кызыгышууда. Өткөн кандуу окуядан жапа чегип, каза болгон жарандарыбыздын балдары чоңоюп келе жатат. Алардын баары бийлик буга кандай карайт деп күтүп жатышат. Мен дагы бийлик бутактарынын биринин мүчөсүмүн жана алар адилет талаптарды коюшту деп ойлойм", - деди Сурабалдиева.

Эрулан Кокулов кесиптешинин пикирине кошулду.

"Соңку кездери Бакиевдерди реабилитациялоо процесси жүрүп жаткандай. Барган сайын интервью берип, соцтармактарга чыга башташты. Кимдир-бирөө бардыгын унутуп калды деп ойлосо, бул андай эмес", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12329