УТРК Бакиев менен маектешкен Кошалиевге карата кызматтык иликтөө баштады
RU

УТРК Бакиев менен маектешкен Кошалиевге карата кызматтык иликтөө баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УТРК өзүнүн кызматкери журналист Кадырбек Кошалиевдин качкын президент Курманбек Бакиев менен апрель айында тартылып, жакында YouTube каналына жарыяланган чуулгандуу маегине комментарий берди.

"Бул маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылган. УТРК жетекчилиги менен макулдашылган эмес жана маекти тартуу үчүн техникалык каражат жана башка чыгымдар бөлүнгөн эмес.

Учурда УТРКдан эфирге чыккан "Кыргыз ааламы" көрсөтүүсүнүн жасалгасын автор башка максатта колдонгондугу боюнча ички териштирүү жүрүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Кадыр Кошалиев тартып келген интервью УТРКнын каналдарынан берилген жок.

Эске салсак, Кадырбек Кошалиев "Кыргыз жолу" коомдук уюмунун төрагасы, Элдик Курултайдын идеясынын авторлорунун бири жана Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкан. Жакында анын Курманбек Бакиев менен болгон маеги YouTube каналына жарыяланды. Интервью резонанс жаратып, мамлекеттик каналдын жана Кошалиевдин өзүнө карата сындарды жаратты, бирок телеканал бул интервью жетекчилик менен макулдашылган эмес деп билдирди. Бул тема ЖКда да көтөрүлүп, депутаттардын сынына кабылды. Журналист өзү интервьюдан өзгөчө эч нерсе көрбөй, сапарын статс-катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен макулдашканын белгилеген. Анткени ал Элдик Курултайдын депутаты.

Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылып, расмий издөөдө жүргөн. Учурда Минск шаарында жашайт. Республиканын мурдагы жетекчилеринин Дубайдагы жолугушуусуна чакырылганына караганда, качкын президент азыркы бийлик менен байланышта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12331