Депутат: Бакиевден интервью алган журналист аксакалдардын курултайын жетектебеши керек
RU

Депутат: Бакиевден интервью алган журналист аксакалдардын курултайын жетектебеши керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган интервьюсуна токтолду.

Жыйында ал УТРКнын журналисти, аксакалдар курултайынын төрагасы делген Кадыр Кошалиев жүзгө жакын кыргызстандыктын өлүмүнө себепкер болгон качкын президент Курманбек Бакиевден интервью алганын эске салды.

"Эмне үчүн Бакиевдин фактыларды туура эмес көрсөтүп, өзүн актаган маегин жарыялап жатышат? Менимче, бул журналисттин курултайды жетектөөгө укугу жок. Көзөмөлгө алгыла. Мунун баары туура эмес", - деди депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго.

Ал УТРК Кошалиевди кызматтан кетириши керек же "Бакиевди реабилитациялоо процесси башталдыбы?", - деген суроого түз жооп бериши керек деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12328