Депутаттар Политехтин ректоруна чара көрүүнү талап кылышууда
RU

Депутаттар Политехтин ректоруна чара көрүүнү талап кылышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар экс-президент Аскар Акаев университетте лекция окуйт деген маалыматтан улам Политехтин ректоруна чара көрүүнү талап кылышууда.

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 22-майдагы жыйынында КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев университетте Аскар Акаевдин лекциялары тууралуу расмий маалымат таркатылбаганын билдирди.

"Аскар Акаевдин тарапташтары лекция уюштуруп бергиле деп суранышты. Биз ойлонуп көрөбүз деп жооп берип, 100% жооп берген жокпуз. Журналисттер лекция болобу деген суроого, биз "болбойт" деп жооп бергенбиз", - деди ал.

Депутат Кундузбек Сулайманов университет Акаевдин тарапташтарына дароо "бизге анын лекциясынын кереги жок" деп жооп бериши керек болчу деп эсептейт. Ал министр Каныбек Иманалиевден мындай аракети үчүн Чыныбаевге карата чара көрүүнү суранды.

Кесиптешинин пикирин Айбек Маткеримов да колдоду.

"Бизде билим деңгээли ушунчалык төмөндөп, академик, профессорлор калбай калдыбы? Макулдук берген жокмун деп жатасыңар, бирок соцтармактарда бул боюнча талкуу жүрүп жатат. А бул жерде ректор дароо реакция кылган эмес. Мен Кундузбек Кошалиевичтин сунушун колдойм: ректорго чара көрүлүш керек",- деп нааразы болду депутат.

Эске салсак, Аскар менен Майрам Акаев 20-майда Кыргызстанга келишкен. Маалым болгондой, ал Политехникалык университетте жана Улуттук илимдер академиясында лекция окушу керек болчу. Политехтин студенттери ал лекцияга каршы чыгышты. Бул арада аталган окуу жайдан лекция жокко чыгарылганын кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12420