Жол кырсыгынан улам комага түшкөн окуучу үйүнө чыкты
RU

Жол кырсыгынан улам комага түшкөн окуучу үйүнө чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортунун трассасында жол кырсыгына кабылып, комага түшкөн окуучунун ден соолугу жакшырып, 20-майда ооруканадан чыкты. Маалыматты Kaktus.kg сайтына №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

"Окуучуга 2 операция жасалды: алгач ээгине, андан кийин сан сөөгүнө. Хирургиялык процедурадан кийин бейтап 10 күндөй ооруканада болду. Саламаттыгы канааттандырарлык болуп, 20-майда үйүнө чыгарылды. Ошол жол кырсыгында жаракат алып кайрылган бейтаптардын баары бүгүнкү күндө ооруканадан чыгышты", - дейт адис.

Эске салсак, 20-апрелде окуучуларды ташыган автобус кырсыкка кабылып, 18 бала ооруканага жаткырылган. Анын ичинен 4 баланын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Кийинчерээк шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Kaktus.kg сайтына жалпы 27 бала кайрылганын билдирген.

Чүй ОИИББден жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12448