Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга жеткирилди
RU

Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн 25-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан башкармалыкка жеткирилип, учурда сурак берүүдө.

Өздүк булактар белгилегендей, Орунтаев кармалышы мүмкүн, анткени ал "Батуми" кафесин мыйзамсыз бузуп салган.

Белгилей кетсек, 24-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев милиция кызматкерлери жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичи районунда жайгашкан "Батуми" кафесин бузуу иштерин баштаган.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12526