Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиев Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагалыгын тапшырды
RU

Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиев Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагалыгын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курманбек Бакиевден маек алып, аны интернет желесине жарыялагандан кийин катуу сынга кабылган Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан убактылуу кетти. Бул туурасында журналист Facebook баракчасына жазды.

"Ардактуу мекендештер, кутмандуу курултайдын делегаттары жана максатташтар! Биринчи Элдик курултайдын делегаттары бекиткен регламенттин 5-бөлүмүндөгү төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык, менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактап жатат.

Ага чейин Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм. Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели. "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда", - деп жазды ал.

Анын аракеттери боюнча УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзө баштаган. Кошалиев корутунду чыга электе корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул туурасында УТРКдан кабарлашты.

*****

Кадыр Кошалиев "Кыргыз жолу" коомдук уюмунун төрагасы, Элдик Курултайдын идеясынын авторлорунун бири жана Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкан. Анын Курманбек Бакиев менен болгон маеги YouTube каналга жарыяланып, интервью резонанс жаратып, мамлекеттик каналдын жана Кадыр Кошалиевдин өзүнө карата сындарды жаратты. Бирок телеканал интервью жетекчилик менен макулдашылган эмес деп билдирмп, анын аракеттери боюнча УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзө баштаган. Кошалиев корутунду чыга электе корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ал эми Эдил Байсалов журналист өз каалоосу боюнча респонденттерден интервью алууга, ал эми Курманбек Бакиев да сөз сүйлөөгө укуктуу деген пикирин айткан. Президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок экенин билдирген. Айтымында, журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден алган маектери өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12538