Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти
RU

Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УТРКнын кабарчысы Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиевден маек алып, аны интернет желесине жарыялагандан кийин катуу сынга кабылды. Анын аракеттери боюнча УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзө баштаган. Кошалиев корутунду чыга электе корпорациянын атына көлөкө түшүргүсү келбей, өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул туурасында УТРКдан кабарлашты.

Кадыр Кошалиев маекти корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келген. Аны тартууга техникалык каражаттарды жана башка чыгымдарды корпорация бөлүп берген эмес. Ошондой эле бул берүүнү эфирге берүү планда каралган эмес.

УТРК жеке тараптардын жана топтордун кызыкчылыктарын коргоого албайт дешет корпорациядан.

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы, курултайдын идеясынын авторлорунун бири жана Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12443