Орунбеков: Кошалиевдин мурдагы президенттерден алган маектери анын изденүүсү
RU

Орунбеков: Кошалиевдин мурдагы президенттерден алган маектери анын изденүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков журналист Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маегинин тегерегинде жүрүп жаткан талкууларга жооп берди.

Белгилесек, Кошалиевди Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабын койгондор да бар.

"Элдик Курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен элдик Курултайдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Демек, Элдик курултайдын өткөрүлгөн убактысынын бүтүшү менен алардын ыйгарым укуктары дагы аяктайт. Кийинки Элдик курултайда делегаттардын көпчүлүк добушу менен төрага, анын орун басарлары жана катчысы кайрадан дайындалат.

Андыктан Элдик курултайдын төрагасы ар бир кезектеги Курултайда жаңылана тургандыгын эске алып, Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз.

Анын журналист катары мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевден алган маектери өзүнүн тандоосу, кесиптик изденүүсү.

Ошондой эле даярдаган маеги мамлекеттик маалымат каражаттарынан чагылдырылбаганын баса белгилейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

*****

Кадыр Кошалиев "Кыргыз жолу" коомдук уюмунун төрагасы, Элдик Курултайдын идеясынын авторлорунун бири жана Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкан. Жакында анын Курманбек Бакиев менен болгон маеги YouTube каналга жарыяланды. Интервью резонанс жаратып, мамлекеттик каналдын жана Кадыр Кошалиевдин өзүнө карата сындарды жаратты. Бирок телеканал интервью жетекчилик менен макулдашылган эмес деп билдирди. Ал эми Эдил Байсалов журналист өз каалоосу боюнча респонденттерден интервью алууга укуктуу, ал эми Курманбек Бакиев да сөз сүйлөөгө укуктуу деп эсептеди.

Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылып, расмий издөөдө жүргөн. Учурда Минск шаарында жашайт. Республиканын мурдагы жетекчилеринин Дубайдагы жолугушуусуна чакырылганына караганда, качкын президент азыркы бийлик менен байланышта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12433