Дөө Чыңгызга козголгон кылмыш иши токтотулду
RU

Дөө Чыңгызга козголгон кылмыш иши токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Жактоочу Назгүл Алымова Kаktus.media сайтына билдиргендей, мындай чечим Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу кабыл алынган.

Адвокат Чыңгыз Жумагулов тирүү кезинде анын кызыкчылыгын жактаса, азыр маркумдун бир туугандарынын кызыкчылыгын сотто коргоп жүрөт.

"Уюшкан кылмыштуу топту уюштуруу же ага катышуу" беренеси боюнча кылмыш ишин токтотуу боюнча чечим 2022-жылдын күз мезгилинде кабыл алынган", - деп билдирди Алымова.

Эске салсак, Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 2022-жылы 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылган. Жыйынтыгында 7 адамга айып тагылган.

Айыпталуучулардын бири Санжар Сапарбеков Садыркуловдун өлүмү боюнча 14 жылга эркинен ажыратылып, 15 миң сом айыпка жыгылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12973