Дөө Чыңгыздын өлтүрүлүшү боюнча СИЗОнун жетекчиси сурак берди
RU

Дөө Чыңгыздын өлтүрүлүшү боюнча СИЗОнун жетекчиси сурак берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-апрелде Октябрь райондук сотунда кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча иш каралды.

Бул факты боюнча сот залына жеткирилгендер: президенттик администрациянын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган Санжар Сапарбеков, Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери, андан тышкары "смотрящий" атыккан Данияр Шүкүров, Эрнис Кубанычбеков, Мухамед Замирбеков, Сыймык Биримкулов жана Доорон Асанбек уулу. Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча күнөөнү Доорон Асанбек уулу моюнга алды.

Сотто СИЗО-1дин жетекчиси Эльдияр Асанбаев сурак берди. Ал факты катталган учурда үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Ысык-Көлдө эмгек өргүүсүндө жүргөнүн айтты.

"Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү боюнча маалыматты кечке маал интернеттен окудум. Андан кийин эмне болгонун билүү үчүн СИЗОнун нөөмөт бөлүмүнө телефон чалдым", - деди ал.

Ошондой эле СИЗОдо абал чыңалганда Чыңгыз Жумагуловду башка мекемеге которуу өтүнүчү менен УКМКнын башкы башкармалыгына кат жазганын кошумчалады.

"Бизге уюшкан кылмыштуу топтун лидери түшкөндө, абал чыңалган. Камактагыларды бир камерадан экинчи камерага которууда СИЗОнун кызматкерлери тарабынан бузуулар болгон: "конокко барышкан", а бул нерсеге тыюу салынат", - деп толуктады Асанбаев.

Прокурор видеону көрсөтүп, анда эки кызматкер 5 айыпталуучуну Чыңгыз Жумагулов отурган №352 камерага алып бара жатканын, алардын бири мойнуна сумка асып алганына көңүл бурду. Ал мындай кылууга болобу деп сурады.

СИЗО-1дин башчысы билбейм деп жооп берди.

"Кандайча билбейсиз? Айыпталуучуну камактагы адамдай эмес көчөгө сейилдөөгө алып чыккандай эле башка камерага "конокко" алып бара жатат", - деди прокурор.

Буга СИЗОнун жетекчиси жооп бере алган жок. "Балким, кызматкерлер жетишсиз болуп, азчылык алып барса керек. Мындай жалгыз алып барган учур көп болот", - деген Асанбаев.

Эске салсак, Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 2022-жылы 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылган. Жыйынтыгында 7 адамга айып тагылган.

Айыпталуучулардын бири Санжар Сапарбеков Садыркуловдун өлүмү боюнча 14 жылга эркинен ажыратылып, 15 миң сом айыпка жыгылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11322