Садыр Жапаровдун соцтарматарынан уу коргошун тууралуу публикациялары өчүрүлдү
RU

Садыр Жапаровдун соцтарматарынан уу коргошун тууралуу публикациялары өчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрелде, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий социалдык тармактарынан коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу публикациялары өчүрүлдү.

Эске салсак, 15-апрелде мамлекет башчысынын социалдык тармактарында коронавирустун баштапкы стадиясында уу коргошун дарылайт, деген пост видеосу менен жарыяланган болчу. Бирок, тундурманы сөзсүз жылытып ичүү керек, анткени муздак бойдон ичүү беш мүнөткө жеткирбей өлүмгө алып келет, деп жазылган.

Бул жаңылык коомчулукту козгоп, көптөгөн каршы пикирлерди жаратты. Эксперттер клиникалык сыноодон өтө элек препарат менен адамдарды дарылоого болбой турганын маалымдашты. Бүткүл дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюму да ушундай пикирде экенин билдиришкен.

Бирок, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун менен дарылоо эксперимент эмес, адамдарды коронавирустан дарыласа боло тургандыгын айтып, түз эфир учурунда уу коргошунду өзү ичкен.

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана салматтыкты сактоо комитети Бейшеналиевге ишенбөөчүлүгүн билдиришти.

Ал ортодо Садыр Жапаровдун социалдык тармактарынан коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу публикациялары өчүрүлүп салынган. Акыркы пост 9 апрелде жасалып, дарыгерлердин айлык маянасынын көторүлгөндүгүнө арналган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1339