ДСУ миссиясы уу коргошун менен дарылануу тууралуу: Андай болушу мүмкүн эмес
RU

ДСУ миссиясы уу коргошун менен дарылануу тууралуу: Андай болушу мүмкүн эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Назира Артыкова коронавирустук инфекцияны уу коргошун менен дарылоо тууралуу берилген маалымат фейк, деди. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-апрелде Kaktus.media редакциясына айтты.

Артыкованын айтымында, ал эл арасына тарап жаткан маалыматты өзү текшерди: бул калп.

Уу коргошун менен дарыланып айыгып кетүү мүмкүнбү, деген суроого, "жок, мүмкүн эмес", - деп жооп берди.

"Мындай болушу мүмкүн эмес. Бардык нерсеге илимий далилдөө керектелет", - деди ал.

Ошол эле учурда президенттин басма сөз кызматы, анын баракчасына уу коргошундун тундурмасы тууралуу чыккан маалымат чындап эле президент Садыр Жапаровго таандык экенин тастыкташты.

Эске салсак, мамлекет башчысы кыргыз дарыгерлери коронавирус башталганда эле бир-эки күндө айыктырып жибере турган дары тапкандыгын жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1310