Жалал-Абадда сабалып, тонолгон келиндин окуясы. Шектүүнү керебеттин алдынан кармашты
RU

Жалал-Абадда сабалып, тонолгон келиндин окуясы. Шектүүнү керебеттин алдынан кармашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди сабап, тоногонго шектелип, издөөгө алынган жаран жаран колго түшүрүлдү. Спецназдар аны керебеттин алдынан кармашкан.

ИИМдин маалыматы боюнча, шектүү 1992-жылы туулган Х.А. - мурда бир нече ирет соттолгон, киши өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн. Ал "Карышкыр" каймана аты бар криминалдык төбөл Мурсалым Умырзаковдун жакын адамдарынын бири.

Окуя тууралуу

2023-жылдын июль айында милицияга Жалал-Абад шаарынын 24 жаштагы тургуну кайрылып, аны эркек киши сабап, денесине оор залал келтиргенин айтып арыз жазган.

Жабырлануучу аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Келиндин айтымында, кол салган кишини сыртынан эле таанычу. Окуя болордун алдында дүкөнгө чыгып, таанышын кезиктирип калган. Таанышы бирөөгө чалып алайын деп телефонун сурап, андан кийин МБанк мобилдик тиркемесинин паролун сураган. Келин макул болбой койгондо муштум менен курсакка урганын айткан. Натыйжада кол салган киши келиндин телефонун жана МБанк электрондук картасынан 52900 сом акча каражатын тартып алган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 206-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча иш козголгон. Шектүү Чүй облусунун панфилов районунда жашынып жүргөн жеринен кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14182