Адахан Мадумаровдун кармалышы. Шаардык сотко апелляциялык арыз жөнөтүлдү
RU

Адахан Мадумаровдун кармалышы. Шаардык сотко апелляциялык арыз жөнөтүлдү

Все самое интересное в Telegram

Оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун чечиминин мыйзамдуулугун кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылышты. Бул тууралуу саясатчынын Telegram-каналында айтылат.

Белгилесек, 2-сентябрда Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасын карап, аны 24-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Бишкек шаардык соту апелляциялык даттанууну 13-сентябрда саат 15:00дө карайт.

Депутат 2-сентябрда үйүнүн жанынан сейилдөө учурунда кармалган, ал учурда Адахан Мадумаров уулу менен жүргөн. Анын иши 2009-жылы кол коюлган протоколго байланыштуу.

Адахан Мадумаровдун кармалышы (11 макала)
Ырчы KG Эльмурат сурактан чыкты
13 Ноября 2023, 17:33
Адахан Мадумаров ооруканага жаткырылды
26 Октября 2023, 13:25
Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча комиссия түзө алган жок
20 Сентября 2023, 11:03
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14323