Балбак Түлөбаев президентти журналисттер менен сүйлөшүүгө чакырды
RU

Балбак Түлөбаев президентти журналисттер менен сүйлөшүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровду медиакоомчулук менен диалогго барууга чакырды. Ал мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, журналисттердин баарын сүйлөшүүгө чакырыңыз дейт.

"Тыштагы коомчулук, четтеги коомчулук бизге кайрылуу жасап жатат. Нью-Йорк, Вашингтондо, Лондондо, Парижде отурган эксперт Кыргызстандын ички саясатын каяктан билет? Алар бул жактан жиберилген каттарды, маалыматтарды эле алып жатат. Ошол үчүн журналисттердин коомчулугу менен сүйлөшүү керек. Журналисттер өздөрүнүн ичиндеги тартиби жок кээ бир нерселерди тартипке салыш керек. Алардын аксакалдары бар. Туура эмес, негизсиз, себепсиз жазгандарды, бирөөнү каралаган журналисттерди тартипке салыш керек да. Ошол үчүн алар менен сүйлөшүш керек.

Сот, прокуратура, ички иштер органдарынан жаныңызга алыңыз да сүйлөшүп, мунасага келиңиз. Антпесе азыркыга окшогон нерселер алдыда өлкөгө залакасын тийгизет", - деп суранды.

Эл өкүлү кошумчалагандай, журналисттер дагы адам, ката, кемчилик кетириши мүмкүн.

*****

Эске салсак, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлер, ноутбуктар жана башка буюмдар алынган. Ошондой эле редакциянын директору, башкы редактору жана шеф-редактору УКМКга суракка берип чыгышкан.

16-январда эртең менен "Айт Айт Десе" жана "Temirov Live`дын" кызматкерлеринин үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, ИИМге жеткирилген. Эртеси күнү 11 журналисттин баары 2 айга камакка алынды. Алар:

  • Махабат Тажибек кызы (Temirov Live`дын директору)
  • Сапар Акунбеков ("Айт Айт Десе")
  • Азамат Ишенбеков (акын, "Айт Айт Десе")
  • Сайпидин Султаналиев ("Арча Медиа")
  • Актилек Капаров ("Алга Медиа")
  • Тыныстан Асыпбеков ("ПолитКлиника")
  • Максат Тажибек уулу (Temirov Live)
  • Жоодар Бузумов (Temirov Live`дын мурдагы кызматкери)
  • Айке Бейшекеева
  • Жумабек Турдалиев
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15339