Садыр Жапаров авариядан кийин ЖЭБге барып, бир катар тапшырмаларды берди. Сүрөт
RU

Садыр Жапаров авариядан кийин ЖЭБге барып, бир катар тапшырмаларды берди. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Бишкектеги Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында президенттин администрациясынан билдиришти.

Анда мамлекет башчы тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү, ошондой эле ЖЭБдин иши толук калыбына келтирилгенге чейин ыкчам маалымат берип турууну тапшырды.

Мындан тышкары президент штаттык эмес кырдаал толугу менен жоюлганга чейин атайын кызматтардын ишин күчөтүлгөн тартипке которууга буйрук берди.

Жеринде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жүрүшөт.

Буга чейин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов ЖЭБдеги кырдаалды Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

*****

Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталганын расмий маалымдады. Кырсыктан улам чыккан өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлдү.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, экөө оор абалда реанимацияда жатканы белгилүү болду. Дагы бир бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15460