Райымбек Матраимов 1 айга СИЗОго киргизилди. Видео
RU

Райымбек Матраимов 1 айга СИЗОго киргизилди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын тандады.

Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Матраимовду 26-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.

Белгилесек, Райымбек Матраимов 1 күн мурда үч бир тууганы – Тилек, Исламбек жана Руслан менен бирге Азербайжандан өкмөттүк учак менен өлкөгө алынып келген. Тилек, Исламбек жана Руслан Матраимовдор тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Ошко жөнөтүлдү.

23-мартта УКМК Кыргызстандын жетекчилигине кол салууну пландаган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Бишкекте кармалганын кабарлаган. Алардын баары Азербайжандан келгени маалымдалган.

Кийинчерээк коопсуздук комитети издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Бакуда экенин жана аны кармап, андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирген. Ошондой эле трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен Матраимовдун байланышы бар экенин билдирген.

Райымбек Матраимовдун иши (9 статей)
Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды
22 Апрель 2024, 18:51
Исламбек, Тилек жана Руслан Матраимовдорду Ошко алып кетишти
27 Март 2024, 13:53
УКМК Матраимовдордун кармалышы боюнча маалымат берди. Видео
27 Март 2024, 09:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15818