Сокулук прокуратурасы Азамат Эстебесовдун өкүмү боюнча сотко кайрылды
RU

Сокулук прокуратурасы Азамат Эстебесовдун өкүмү боюнча сотко кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук райондук прокуратурасы Азамат Эстебесовдун иши боюнча апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылды. Маалыматты Kaktus.media сайтына Жогорку Соттон тастыкташты.

Маалым болгондой, биринчи отурум 1-апрелге белгиленген.

Белгилей кетсек, Асел Ногойбаева күйөөсү менен ажырашып кеткен, бирок мурдагы жолдошу анын артынан түшкөн. 2023-жылдын январында Асел Ногойбаева милицияга кайрылып, мурдагы күйөөсү зордуктаганын билдирген. Апрель айында Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов шектүүнү "Зордуктоо" боюнча күнөөлүү деп таап, бирок 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ногойбаева соттун чечимине каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, соттук отурумдун датасы белгиленген. Бирок сентябрь айындагы кезектеги соттук отурумдун алдында мурунку күйөөсү кол салып, кулагы менен мурдун кесип салган.

Бул чуулуу окуядан кийин Эстебесов "зордуктоо" беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылып, судья Кыялбек Токтоматов кызматынан бошотулган.

Ал эми кулак, мурдун кесип, кыйноого алганы боюнча 2024-жылдын январында Сокулук райондук соту Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратып, Ногойбаевага моралдык зыян үчүн 2 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү өкүм кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15713