УКМК Райымбек Матраимовдун кайда экенин маалымдады
RU

УКМК Райымбек Матраимовдун кайда экенин маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экени такталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Коопсуздук комитеттин ыкчам маалыматы боюнча, Матраимов Баку шаарында экени белгилүү болду. Бул маалыматтын негизинде Азербайжан тарапка Матраимовду кармоо жөнүндө кат жөнөтүлдү.

"Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатышат. Ошол эле учурда ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Райымбек Матраимов Кыргызстандын жетекчилигине кол салуу аракетин даярдап жаткан азербайжандык трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун Кыргызстанда кармалган мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, УКМК кызматкерлери 22-мартта Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Алар өлкө жетекчилигине кол салууну пландаган деп билдирген комитеттен.

Райымбек Матраимовдун иши (9 статей)
Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды
22 Апрель 2024, 18:51
Райымбек Матраимов 1 айга СИЗОго киргизилди. Видео
27 Март 2024, 17:14
Исламбек, Тилек жана Руслан Матраимовдорду Ошко алып кетишти
27 Март 2024, 13:53
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15776