УКМК Матраимовдордун кармалышы боюнча маалымат берди. Видео
RU

УКМК Матраимовдордун кармалышы боюнча маалымат берди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК эл аралык издөөдө жүргөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалышы боюнча расмий маалымат берди.

25-мартта УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжан Республикасынын аймагында Райымбек Матраимовду кармап, Кыргызстанга алып келди.

Ошондой эле аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келди.

Комитеттен белгилешкендей, Р.Матраимов "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен, мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Тактап айтканда, Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Райымбек Матраимовдун иши (9 статей)
Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды
22 Апрель 2024, 18:51
Райымбек Матраимов 1 айга СИЗОго киргизилди. Видео
27 Март 2024, 17:14
Исламбек, Тилек жана Руслан Матраимовдорду Ошко алып кетишти
27 Март 2024, 13:53
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15810