Бишкекте түндөгү окуядан 29 жаран жабыркап, ооруканага кайрылды
RU

Бишкекте түндөгү окуядан 29 жаран жабыркап, ооруканага кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү дешет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Бүгүн, 18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын абалы менен таанышты. Бейтапка жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү операциясы жасалат. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

*****

Белгилесек, 17-майда чет элдиктер катышкан мушташтын видеосу тарап, сабалгандар Кыргызстандын жарандары экени айтылган. Кечке жуук бир нече адамдан турган топ мушташ болгон жакка барышкан. Чогулгандар саны өскөндүктөн, жерине күч органдарынын кызматкерлери тартылган. Чогулгандар таңга маал тарашкан.

Андан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев окуч боюнча билдирүү жасап, жарандарды коомдук тартипти сактоого чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16178