Министрлер кабинети: Улуттар аралык кагылышууну айыптайбыз
RU

Министрлер кабинети: Улуттар аралык кагылышууну айыптайбыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети түн ичинде Бишкекте катталган окуя боюнча билдирүү жасады. Анда "социалдык тармактардагы чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу аркылуу улуттар аралык кагылышууну жана баш аламандыктарды тутандыруу аракеттерин чечкиндүү айыптайт, ошондой эле эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтарды жокко чыгарат" деп айтылат.

"Укук коргоо органдары орун алган мыйзам бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Бардык күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Акыркы айларда бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Чет элдик студенттерге карата сабырсыздыкты тутандырууга багытталган ар кандай шылтоолорго жол берилбейт жана элибиз эзелтен белгилүү болгон достуктун жана меймандостуктун деминде жашай берет.

Кыргыз Республикасынын бийлиги коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көрдү. Биздин укук коргоо органдары коомдук тартипти бузуу аракеттерин көздөгөндөрдү чечкиндүү түрдө токтотот", - деп айтылат билдирүүдө.

*****

Эске салсак, 13-май күнү кечинде Бишкектеги жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан. Андан соң милиция тарабынан "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мушташуунун бардык катышуучулары РИИБге жеткирилген.

4 күндөн кийин мушташтын видеосу социалдык тармактарга тарап, Чүй/Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине эл чогулган. Чогулгандар саны өскөндүктөн, жерине күч органдарынын кызматкерлери тартылган. Алар жарандардан тарап кетүүнү суранган, бирок чогулгандар баш тарткан. Буга байланыштуу коомдук тартипти бузгандыгы үчүн бир катар адам кармалган.

Ал арада социалдык тармактарда чет элдиктер жашаган жатаканалардын бириндеги тартылган видеолор тараган. Анда сабоо, талап-тоноо да болгонун байкоого болот.

Милиция бардык бөлүмдөрүнө күчөтүлгөн режимге өтүп, тополоңчуларды чет элдик студенттер жашаган аймактан алып чыгып, жатакананы курчоого алышты. Топтолгон адамдар таңкы саат 5терде тарай баштады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 18-майга караган түнү 29 адам медициналык жардам сурап кайрылып, анын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16179