Көк бөрү федерациясынын президенти шайланды
RU

Көк бөрү федерациясынын президенти шайланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Рамис Жунусалиев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп кайра шайланды. Бул туурасында аталган федерациядан маалымдашты.

21-июлда Чолпон-Ата шаарында кезексиз курултай өткөрдү. Жыйынга облус өкүлдөрү, команда жетекчилери, башкармалык мүчөлөрү жана Улуттук курамадагы көк бөрүчүлөр болуп 69 делегат катышты.

Күн тартибине Көк бөрү федерациясынын президентин шайлоо боюнча жалгыз маселе коюлуп, талапкерликке Айбек Абылкасымов менен Рамис Жунусалиев сунушталды. Жыйындын жүрүшүндө А.Абылкасымов көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылыгын айтып, өз ысымын талапкерликтен алып салды.

Натыйжада жалгыз талапкер Рамис Жунусалиевди катышуучулар бир добуш менен колдоого алып, Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды.

Белгилей кетсек Рамис Жунусалиев 2023-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президентинин кызматын аткарып келген. Май айында бул кызматка экс-башкы-прокурор Курманкул Зулушев келип, июль айынын башында кеткен. Андан соң Рамис Жунусалиев бүгүнкү күнгө чейин президенттин милдетин аткарып келе жаткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16723