Көк-бөрү федерациясынын президенти алмашты
RU

Көк-бөрү федерациясынын президенти алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев кызматтан кетти. Анын ордуна жаңы президент шайланганын аталган федерациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-октябрда федерациянын жыйыны өтүп, жетекчи алмашты. Талас Бегалиев өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде кызматтан кетти. Анын ордуна федерациянын президентинин биринчи орун басары Рамис Жунусалиев дайындалды.

Ал буга чейин Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасынын капитаны болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14745