Айгүл Жапарова президенттик лицейдеги акыркы коңгуроо салтанатына катышты
13
Биринчи айым Айгүл Жапарова Чолпон-Ата шаарындагы "Акылман" президенттик лицейинин акыркы коңгуроо салтанатына катышты.
Жапарова куттуктоо сөзүндө лицейде Кыргызстандын жети дубанынан келген эң мыкты жана таланттуу окуучулар билим алып жатышканын белгиледи.
"Кайсы доорду албайлы, таалим-тарбия, билим аркылуу гана коомдо өнүгүү болгондугу, билим аркылуу гана ири ийгиликтер жаралгандыгы белгилүү", - деген.
Биринчи айы ошондой эле бүтүрүүчүлөргө бийик максаттарга жетүүдө ийгиликтерди жана чоң жеңиштерди каалады.
"Акылман" президенттик лицейи таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында 2023-жылы ачылган. Окутуу – акысыз. Окуучулар жыл сайын өткөрүлүүчү сынактын жыйынтыгы менен кабыл алынат
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17883