Зардалыда футбол аянтчасы ачылды (сүрөт)
22
Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Зардалы айылында футбол аянтчасы ачылды. Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиргендей, 2 ай мурда облуста 15 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган. Ага Президент Садыр Жапаровдун фондунан каражат бөлүнгөн.
Футбол аянтчалары жергиликтүү бийликке катталып, жалпы элге кызмат кылат.Белгиленгендей, мындан ары да өлкө башчысынын колдоосу менен облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу пландалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17832
