Мэрия элктросамокаттардын ылдамдыгын чектөөнү пландаштырууда
Бишкекте электросамокаттардын максималдуу ылдамдыгы 15 км/саатка чейин төмөндөшү мүмкүн. Шаар бийлиги ылдамдыкты чектөө боюнча варианттарды карап жатканын мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Калаа башчысы менен болгон жолугушууда шаар тургундары тарабынан нааразычылык айтылып, самокаттар бир-эки адамдын бизнеси болуп, миңдеген жаранга ыңгайсыздык менен коркунуч жаралып жатканы айтылган.
Мэр бул пикирге жарым-жартылай кошулуп, жеке мобилдүүлүк каражаттары жолдордогу тыгынды азайтууга кайсы бир деңгээлде жардам берип жатканын белгиледи.
Эгерде самокат колдонуучулардын баары жеңил унааларга өтсө, тыгын ого бетер күчөйт.
Айбек Жунушалиев учурда коопсуздук маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калып жатканын, бул электросамокаттар үчүн толук кандуу инфраструктуранын жоктугу менен байланыштуу дейт.
Ошондой эле патрулдук милицияга тез-тез текшерүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилген. Алар жолдордо жана тротуарларда жүргөн скутерлерге өзгөчө көңүл бурууну пландап жатышат.
Белгилесек, учурдагы эрежелерге ылайык, Бишкекте скутерлердин уруксат берилген ылдамдыгы 25 км/сааттан ашпайт.

