Айгүл Жапарова үч эм төрөгөн энеден кабар алды
RU

Айгүл Жапарова үч эм төрөгөн энеден кабар алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи айым Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунун жаңы имараты менен таанышты. Ошондой эле аталган борбордун эски корпусунун шарттарын да көрүп чыкканын соцалдык тармактагы расмий баракчасына жарыялады.

Адан тышкары үч эм төрөгөн энеден кабар алганы барып, эне-балага ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалады.

Андан соң биринчи айым, саламаттыкты сактоо министри жана башка расмий адамдар менен бирге медициналык мекеменин жамаатын, ошондой эле көз жарган кыз-келиндерди Энелер күнү менен куттукташып, коомдогу аялзатынын, энелердин өзгөчө ролун белгилешти.

Айгүл Жапарова медицина кызматкерлерине жан аябас эмгеги, энелердин жана балдардын саламаттыгына кам көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, борбордун жамаатына бекем ден соолук, бакубат жашоо жана асыл иштерине ийгиликтерди каалады.

Белгилесек, май айынын үчүнчү жекшембисинде эң жылуу майрамдардын бири – Энелер күнү белгиленет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17829