Айып төлөп калбаш үчүн табылган паспортту бул мекемелерге өткөрүңүз
RU

Айып төлөп калбаш үчүн табылган паспортту бул мекемелерге өткөрүңүз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик башка бирөөнүн паспортун таап алып, аны интернетке жарыялоо мыйзам бузуу экенин белгилейт.

Аталган агенттиктен паспортту таап алган жагдайда эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.

Документти жакынкы Калкты тейлөө борборуна (КТБ) же милиция бөлүмүнө өткөрүп берүү керек. Маалыматтардын коопсуздугу үчүн юридикалык жактан мамлекеттик органдар гана жооптуу жана аларда ээсин табуу механизмдери бар.

Эгер документтин табылганын онлайн кабарлайм дегендер болсо, маалыматтарды минималдаштыруу жана анонимдештирүү эрежелерин так сактоосу зарыл:

  • Текст түрүндө. Фамилиясын жана баш тамгаларын гана кошуу (мисалы: "Асанов А.го таандык паспорт таблды.")
  • Маалыматтарды жашыруу. Паспорттун сериясын жана номерин, туулган күнүн же берилген күнүн эч качан көрсөтпөө керек.
  • Сүрөт түрүндө. Эгерде сүрөт түрүндө жарыялоо зарыл болсо, анда аты-жөнү гана көрүнүп турушу керек. Башка бардык жерлер (анын ичинде ээсинин сүрөтү, колу жана астындагы машина окуй турган код) тунук эмес катмар менен жабылышы керек.

Маанилүү! Учурдагы мыйзамдарга ылайык, ээсинин макулдугусуз жеке маалыматты таратуу укук бузуу болуп саналат жана айып пул салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17828