Чубак ажы Жалиловго Эл баатыры даражасы ыйгарылды
RU

Чубак ажы Жалиловго Эл баатыры даражасы ыйгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дин аалымы Чубак ажы Жалиловго Кыргыз эл баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Жалилов Чубак Тажибаевичке көзү өткөндөн кийин "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын эл баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Чубак ажы Жалилов 2020-жылы пандемия учурунда каза тапкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17862