1-июндан баштап жолдогу эреже бузууларды жаңы камералар аныктай баштайт
RU

1-июндан баштап жолдогу эреже бузууларды жаңы камералар аныктай баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-июндан тартып республика боюнча жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктоочу жаңы автоматташтырылган комплекстер ишке кирет. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.

Аталган комплекс Президентинин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын алдындагы Техникалык багыттагы борбору мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилди.

Бул комплекс өлкө аймагында ийгиликтүү сыноодон өткөрүлүп, төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктайт:

  • белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
  • коопсуздук курун тагынбоо;
  • унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон колдонуу;
  • каршы тилкеге чыгуу.

2026-жылдын 1-июнунан тартып аталган программалык-аппараттык комплекстер республика боюнча толук кандуу иш режиминде иштей баштайт.

Заманбап технологияларды колдонуу айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга, жол кырсыктарын азайтууга жана жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган.

Башкармалык бардык жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого жана жолдо өзгөчө этият болууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17831