Мамлекеттик кызматкерлер улуттук стилдеги форма кийиши мүмкүн
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы форманын дизайнын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Мындай тапшырманы төрага президенттик администрациянын аппараттык жыйынында коюп, муну менен электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
"Тез аранын ичинде улуттук элементтерди колдонуу менен формалардын үлгүлөрүн тигип келгиле. Муну киргизип жатканыбыздын бирден-бир себеби - электр энергиясын үнөмдөө. Анткени биз азыр костюмдарды кийип алып кондиционерлерди иштетип коюп отурабыз. Эгер, көйнөкчөн болсок кондиционерди өчүрүп коюп отурабыз. Мындан кийинки чогулуштарга костюмуңуздарды чечип эле келсеңиздер болот", - деген ал.
Маалым болгондой, протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат.
Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлерге күндүн ысык мезгилинде галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген.
