Түштүк Кореяда иттин этин өндүргөн фермалардын 82% жабылган
Түштүк Кореяда ит фермаларынын 82% жабылганын аталган өлкөнүн Айыл чарба министрлиги билдирди деп жазат The Kookje Daily News басылмасы.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдан бери иттин этин өндүргөн 1537 ферманын 1265и жабылган. Калган фермалардын ишин 2026-жылдын аягына чейин токтотуу пландаштырылууда.
Министрлик ошондой эле 2027-жылдын февраль айынан баштап Түштүк Кореяда иттерди багууга, союуга жана адамдарга керектөө үчүн сатууга толук тыюу салынарын белгилеген.
Басылмасынын маалыматы боюнча, министрлик калган фермаларды жабууну тездетүү үчүн июль жана август айларында күчөтүлгөн текшерүүлөрдү жүргүзүүнү көздөп жатат. Тыюу салууну этибарга албаган фермалардын лицензиялары жокко чыгарылат.
Иттин этин өндүрүүчүлөр ассоциациясы мурда бул тармакта 1 миллионго жакын фермер иштеп жатканын жана мындай этти керектөөчүлөрдүн саны 10 миллиондон ашарын билдирген.
Эске салсак, Түштүк Кореяда 2024-жылы иттерди багууга жана этин сатууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган.
