Бишкектеги автобустарда 1-июлдан баштап накталай төлөм кабыл алынбайт
28
1-июлдан баштап Бишкектеги автобустарда накталай төлөм кабыл алынбайт. Бул туурасында шаар мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге билдирген.
Калаа башчынын айтымында, эгерде жүргүнчү электрондук акча төлөбөсө, анда ал коомдук транспортко киргизилбейт.
Белгилесек, коомдук транспорттордо жол кирени накталай эмес, электрондук карта аркылуу төлөө практикасы 2023-жылдын август айында башталган. Бирок жүргүнчүлөр жол кирени бүгүнкү күнгө чейин накталай да, карта менен да төлөп келишет. Учурдагы тариф: накталай эмес болсо 17 сом, накталай болсо 20 сом.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17863
