Сурабалдиева: "Дем салуу учурунда кыздар ыдыкка кабылып жатыптыр"
RU

Сурабалдиева: "Дем салуу учурунда кыздар ыдыкка кабылып жатыптыр"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева аймактарда жаш кыздар дем салуу учурунда ыдыкка кабылып жатканын билдирди. Эл өкүлү бир райондо ушуга байланыштуу ызы-чуу болуптур дейт.

"Кыз-келиндерди, секелектерди дем салууга жалгыз жөнөтпөңүздөрчү сураныч. Мага ушуну Жогорку Кеңештин трибунасынан айтып койгулачы деп региондордон кайрылып жатышат. Бир райондо ыдык көрсөтүү болуптур, чоң ызы-чуу болгон экен. Дем салабыз деген шылтоо менен туура эмес мамиле жасалган учурлар жок эмес", - дейт депутат.

Сурабалдиева кыз-келиндердин коопсуздугу мамлекет үчүн маанилүү деп белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17854