Болот Темиров УКМК жана ИИМ кызматкерлерин сотко берет
RU

Болот Темиров УКМК жана ИИМ кызматкерлерин сотко берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин прокуратурасынын тергөөчүлөрү Temirov Live командасынын жеке жашоосунан алынган жана Республикалык наркология борборунда тартылган видеону жайылтуу иши боюнча тергөө жүргүзүшөт. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге Болот Темиров өзү билдирди.

Анын айтымында, баңгизатын колдонууга анализ тапшырып жаткан видеону жана командадагы мүчөлөрүнүн биринин жеке жашоосунан алынган видеону социалдык тармактарга таратуу боюнча ички иштер органдарында иштеген кызматкерлерге карата жазган арызды Бишкек шаардык прокуратура карайт.

"Андан тышкары, биз Кыргызстандын Аскер прокуратурасына да арыз жазууну ойлоп жатабыз. Видеону ким тарткан, кимдин уруксаты менен дегендерди териштиришет. УКМКга арызданабыз", - дейт Темиров.

Журнлист-иликтөөчү Болот Темировду камакка алуу коомдо чоң резонанс жаратты. Эске салсак, Темиров 22-январь күнү кечинде кармалган. Анын офисине атайын кызматтын жоокерлери кирип барып, Болот Темировдун арткы чөнтөгүнөн белгисиз затты чыгарышкан. Бирок ошол жерде болгондордун бардыгы белгисиз зат Темировдун чөнтөгүнө жоокерлер тарабынан салынганын баса белгилешкен. Темиров бардык тесттерди тапшырып, анын организминде баңгизаты табылган эмес. Учурда Журналист эч жака чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган. Паспортун да кайтарып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5452