Бермет Барыктабасова: Медиктердин ызы-чуусу өлкөнү дагы бөлүп жарды
RU

Бермет Барыктабасова: Медиктердин ызы-чуусу өлкөнү дагы бөлүп жарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көз карандысыз медицина профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова Бишкектин травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборун (БНИЦТО) реорганизациялоонун айланысындагы чуулгандуу кырдаал боюнча жеке пикирин билдирди.

"Кайра эле эл бөлүнүп жатат, бирок экиге эмес, көптөгөн бөлүктөргө. БНИЦТОнун тегерегиндеги окуялар бүтүндөй өлкөгө тарады. Кай бирлери Жумабековго болушту. Алардын катарында аконит реформаторго каршы чыккандар көп. Алардын да өз чындыгы бар. Башкалары министрге болушту. Алар монополияга, жана импланттар менен болгон манипуляцияларга каршы. Алардын арасында тез жардам борбору керек дегендер көп. Ар бирин угуп отурсаң туура", - дейт Барыктабасова.

"Медициналык кызматтын эффективдүулүгү жана бейтаптардын укугун коргоону ким ойлоду? Эмгек шарттары үчүн жана коррупцияга каршы? Кыязы, бардыгын ачык айта турган мезгил келди: бейтаптар дагы, дарыгерлер дагы, коомчулук дагы. Мыйзам жана адилеттүүлүк орнош керек. Жеке мен травматология жана ортопедия кызматынын калк үчүн эффективдүү иш алып баруусуна добушумду берем. Ал жерде иштеген мыкты кесиптештерибиз көп. Аларды көз жаздымда калтырган болбойт", - деди Барыктабасова.

Анын айтымында, өлкөдө экстрендик медициналык жардам көрсөтүү көйгөйү чечилген эмес, жарытарлык реабилитация борбору да жок.

Эске салсак, өткөн жумада Саламаттыкты сактоо министрлиги БНИЦТО тез жардам көрсөтүү борборуна реорганизацияланат, дегенден кийин скандал чыккан. Министр Алымкадыр Бейшеналиев академик Сабырбек Жумабековду оорукананы менчиктеп алды, жалаң өзүнүн туугандаран жумушка алып, өз чонтөгүнө гана иштейт, деп айыптады. Жумабеков айтылган сынды четке кагып, министр ооруканга мас абалында келген, деп жооп кайтарды. Андан кийин президентке кайрылып, БНИЦТОну калтырууну суранды.

Бирок Бейшеналиев реорганизация буйругуна кол коюп, жаңы директорду - Гулия Кожокматованы дайындады. Ага жооп катары борбордун кызматкерлери Министрликтин алдына келип митинг уюштурушту. Алар министр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан. Министр буйругун артка чакыртпай турганын, жана борборду реорганизациялоо оюнан кайтпай турганын жар салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5484