Министрдин жубайынын бизнес-өнөктөшү башкалардан акча опузалаган
RU

Министрдин жубайынын бизнес-өнөктөшү башкалардан акча опузалаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министринин аялынын бизнес өнөтөшү Ысык-Көлдүн жээгиндеги жер тилкени опузалаган. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы пансинат - "Париж КО" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү Усупов Бакытбек Саламатович менен Кульматова Замира Марленовна. Замира Кульматова Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жубайы.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев бир нече жолу, уулу Ысык-Көлдө коттедж салып жатат, пансионаты бар деп айткан. Маалыматка ылайык, "Париж" ЖЧКсы Ысык-Көлдө коттедждерди сатуу жана ижарага берүү менен алектенет. Жалпы аянты 15 га, анда 75 коттедж, 88 батир, он ысык суу чыккан булак бар. 7га аянтта көлмө, жана эки пляж бар.

Ысык-Көл району боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекеменин жетекчиси Н. Асанов, жана анын кызматкери Н. Касымбеков "Париж" панионатынын негиздөөчүсүнүн бири Бакытбек Усупов менен биригип алып "Палм Бич" пансионатынын жетекчисинен А.А.дан 1,66 гектар жер тилкесин опузалашкан.

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин чиновниктери "Палм Бич" пансионатынын ээси А.А.дан 1,66 гектар жерди Усуповдун өкүлү Жанузаковго акысыз негизде колдонууга берүүгө аргасыз кылышкан.

2021-жылдын 27-сентябрында бардык шектүүлөр камакка алынган. Бактыбек Усупов дароо эле тергөө менен келишим түзүп, өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирип, сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган болчу.

Экспертизанын корутундусунда жабыркаган тарапка 10 млн 889 миң сом зыян келтирилди, деп жазылган.

2021-жылдын 21-декабрында мамлекеттик айыптоочу Усупов тергөө менен активдүү кызматташты деп сотко билдирди. Ошондуктан Усуповго айып пул салуу гана жетиштүү деп айткан. Натыйжасында, Бишкектин Биринчи май райондук соту Бакытбек Усуповду "Акча опулазоо" беренеси боюнча күнөөлү деп таап, 260 миң сом өлчөмүндө айып пул салган. Алдын ала маалымат боюнча, "Кадастр" мекемесинин кызматкерлери да күнөөлүү деп табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5482