Сабырбек Жумабеков президентке кайрылып жатып көзүнө жаш алды
RU

Сабырбек Жумабеков президентке кайрылып жатып көзүнө жаш алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-февралда Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаровго кайрылып жатып көзүнө жаш алган.

Дарыгер өлкө башчынын чечимин күтүп эгер кет десе кызматтан кетерин билдирди.

Андан сырткары, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жумабековдун ордуна дайындалган жаңы жетекчини жамаатка тааныштыруу үчүн келгенде кызматкерлер жана Жумабековдун бейтаптары ага каршы чыгып, имаратка киргизбей кетирип жиберишкен.

Эскерте кетсек, бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БНИЦТОнун директору Сабырбек Жумабековду кызматынан алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5461